ЮНЕСКО бул күнгө карата "Араб жазы" башат алган Тунисте конференция өткөрүп жатат. Жыйын катышуучулары маалымат каражаттарынын саясий өзгөрүү процессиндеги ролун талкуулашууда. Уюм Гильермо Кано атындагы сыйлыгын быйыл журналисттик ишине байланыштуу куугунтукталып, 4 жыл түрмөдө отуруп чыккан азербайжандык Эйнулла Фатуллаевге ыйгарды. Басма сөз күнүн утурлай бир катар эл аралык уюмдар докладдарын жарыялап, дүйнөнүн булуң-бурчунда эркин журналисттерге, көз карандысыз медиага кысым күчөп жатканын белгилешти.