Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Ошто адам сатууга каршы долбоор ишке кирди


Ош облусунда "Адам сатууга жол жок" аттуу долбоор башталды. Демилгечилердин бири, Оштогу “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондунун жетекчиси Авазхан Ормонованын "Азаттыкка" билдиришинче, долбоор мектеп окуучуларына, чет өлкөгө иштегени кетип жаткан жарандарга адам аткезчилиги тууралуу маалымат берүүнү көздөйт. Долбоордун алкагында бир катар коомдук уюмдарынын көмөгү менен кулчулукка кабылган жарандарга жардам берилмекчи.

Маалыматка ылайык, төрт жыл аралыгында “Демилгелүү ишкер аялдар” коомдук фондуна түштүк аймагы боюнча 560 адам кулчулукка кабылдык деп кайрылышкан. Алардын 176сы кулчулукка кабылган деген макам алган. Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, былтыр 400дөн ашык кыргызстандык кулчулуктан куткарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG