Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Аламүдүндө дагы бир өспүрүм зордукталды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кечээ билдиргендей, Аламүдүн районунун айылдарынын биринде жашаган 14 жаштагы кыз зордукталды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга кыздын кошунасы шектүү делип, камакка алынды. Министрлик Кыргызстанда балдар, кыздарды зордуктоо башка жылдарга салыштырмалуу көп катталып жатканын билдирүүдө. Жыл башынан бери Бишкек шаарында эле ондон ашык өспүрүм зордукталган. Алардын бири, Арча-Бешик конушунда жашаган сегиз жаштагы кыз зордукталып, өлтүрүлгөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG