Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Чүйдө “Хизб-ут Тахрирдин” очоктору табылды


Чүйдүн Аламүдүн, Сокулук райондору менен Бишкек, Токмок шаарларында диний-экстремисттик маанайдагы “Хизб-ут Тахрир” уюмунун очоктору аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда көп сандаган экстремисттик адабияттар, диний маалымат жазылган электрондук каражаттар табылды. Мындан тышкары уюмдун жашынып жүргөн эки мүчөсү кармалды. Натыйжада диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Шамил Атаханов буга чейин “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстанда кооптуу делген сегиз диний уюм бар. Алардын эң кооптуусу “Хизб-ут Тахрир” саналат. (KKs)

XS
SM
MD
LG