Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Путин Тимошенкону Орусияда дарыланууга чакырды


Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, азыр 7 жылга эркинен ажыратылып, абакта жаткан Юлия Тимошенкону украин бийликтери макул болсо, Орусияга келип дарыланууга чакырды. Путин Батыш Европа өлкөлөрүнүн Украинада өтчү футбол боюнча Европа чемпионатынан баш тартуу чакырыгын сынга алып, спорт менен саясатты аралаштырбоого үндөдү. "Мындай аракеттер Эл аралык олимпиада комитетинде ажырым пайда кылат" деди орус премьери.

Кечээ Польшанын премьер-министри Дональд Туск абактагы Тимошенконун абалына тынчсызданып, Украинада өтчү футбол таймашын бойкоттоого чакырган. Буга чейин Украинада өтчү футбол таймашына Германия жана Австрия өкмөтү бойкот жарыялаган болчу. 7 жылга абака кесилген Юлия Тимошенконун абалы улам начарлап жатканын, ага ыдык көрсөтүү болгонун жактоочулары даттанып келишет.

XS
SM
MD
LG