Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Сирия: куралдуу күчтөр студенттерге ок чыгарды


Кечээ Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппо шаарындагы университеттерди текшерүүгө алып, бийликке каршы демонстрацияга чыккан студенттерге ок чыгарды. Аткылоодон 4 киши набыт болуп, 200дөй студентти аскерлер кармап кетти. Сириялык режимдин бул аракетин Вашингтондун өкүлү Жей Карни катуу сынга алып, БУУнун чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планы аткарылбаса анда согушту жөнгө салуу үчүн эл аралык жаңы демилгелер көтөрүлөөрүн билдирди. БУУнун байкоочулар миссиясынын башчысы генерал Роберт Моод кагылышты алгач Сириянын бийлиги токтотушу керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG