Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Кытайлык диссидент АКШга кетүүгө жардам сурады


Көзү азиз кытайлык укук коргоочу Чэн Гуанчэн Бээжинде ооруканада жаткан жеринен америкалык конгрессттик угуунун катышуучуларына телефон чалып, аны үй-бүлөсү менен Кытайдан АКШга чыгарып кетүүгө жардам сурады.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө диссидент он жылдан бери эс албай жүргөнүн, азыр АКШда эс алууну каалап жатканын айтып, Кытайда өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын билдирди. Гуанчэн учурда Кытайда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен да жолугуу тилегин билдирди. Ал үй камагында жүргөн жеринен АКШнын Кытайдагы элчилигине качып келип алты күн жатты.

Чэн Гуанчэн Кытайдын Шандун провинциясында балдардын төрөлүшүн чектөө максатында миңдеген аялдарды күч менен аборт жасатып, медициналык жол менен төрөттөн ажыраткан саясатты кескин сындаганы үчүн таанылган. Ал шаршемби күнү элчиликтен чыгып, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу сакталса өз өлкөсүндө кала берерин айткан эле. Эми ал оюнан кайтып, АКШга чыгып кетүүнү көздөп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG