Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Газдын баасы жогорулады


Май айынан тарта газдын баасы 7 тыйындай көтөрүлгөн. Натыйжада учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү үйлөрүндө атайын эсептөөчү аппараттар орнотулган кардарлар үчүн 1 куб метр газдын баасы 14 сом 61 тыйын, ал эми түштүк аймакта 14 сом 27 тыйынды түзүүдө.

“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматкери Жайнагүл Максимова бул жагдайдын себебин доллардын курсуна байланыштуу экенин “Азаттыкка” ачыктады.

Маалыматка ылайык, үйүндө газ эсептегичи жок, ысык суусу бар үйлөрдө бир адамга айына түндүктө 146,11 сом, түштүктө 142,73 сом төлөшөт. Бул багытта баа март айына салыштырмалуу дээрлик 1 сомго өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG