Мындай демилгени Ош облусунун Ноокат райондук администрациясы көтөрүүдө. Райондун акиминин орун басары Жумагүл Ураимованын “Азаттыкка” айтымында, Орусиядан ВИЧ жуктуруп келген адамдар айылда дартты жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Ноокатта ВИЧ/СПИДге кабылгандардын саны 200гө жеткен. Алардын 100дөйү жаш балдар.
Дарыгерлердин калпыстыгынан 2007-жылы Ноокатта 40тан ашуун наристеге жапырт ВИЧ жуккан. Жалпысынан ВИЧ инфекциясы жуккан наристелердин саны 283кө жетти. “СПИД” борборунун маалыматы боюнча, аталган кеселге кабылгандардын жалпы саны 4100дөн ашты. (КЕ)