Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Кытай укук коргоочу Чэнге чет өлкөгө окууга уруксат берет


Кытайдын тышкы иштер министрлиги көзү азиз укук коргоочу Чэн Гуаңчэң катардагы жарандардын бири катары чет өлкөдө окуу үчүн уруксаат сурай ала тургандыгын билдирди. Учурда Бээжинде ооруканада жаткан укук коргоочу:

- Менин абалым жакшы эмес. Мени келип көрөбүз деген досторум токмоктолуптур. Эки күндөн бери америкалык дипломаттар менен жолуга алган жокмун. Алар келгенде мени менен көрүшө албай жатат. Кырдаал абдан оор. Менин аялым дүкөнгө барайын деп чыкса, аны үйдөн чыгарбай коюшту. Ал атайын уруксат алып көчөгө чыкса, аны ээрчип сүрөткө тартып жүрүшүптүр.

Буга чейин алты күн Бээжиндеги АКШ элчилигинде баш калкалап отурган Чен шаршембиде элчиликтен өз эрки менен чыгып кеткен. Бирок ага улай эле Кытайдан кетүү ниетин билдирген. Чен жумага караган түнү АКШ Конгрессине жардам сурап кайрылган. Кесиби боюнча юрист, эки баланын атасы Чэн Гуаңчэң Шандун провинциясында үй камакта отурган. Ал аялдарды күч менен төрөттөн ажыраткан саясатка каршы турганы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG