Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Юлия Тимошенко Харьковдо дарыланууга макулдугун берди


Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко Харьков шаарында темир жолчулардын ооруканасында дарыланууга алдын-ала макулдугун берди. Мындай чечимин Тимошенко Берлиндеги «Шарите» клиникасынын дарыгерлери Качановскийдеги абакка келип, аны менен жолуккандан кийин билдирди.


Буга чейин Украинанын башкы прокурору Виктор Пшонка Тимошенкого абактын сыртында дарыланууга уруксат берген. 20-апрелде аны күч менен Харьковдогу ооруканалардын бирине алып барышкен. Андан кийин Тимошенко ооруканага баратканда ага кол көтөрүшкөнүн айтып арызданган. Бирок шаардык прокуратура бул арыз боюнча иш козгоодон баш тарткан.

Экс-премьердин абактагы шарттары менен ага коюлган айыптар бир катар Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун пайда кылууда. Евробиримдиктин 9 өлкөсү Ялтада өтө турган Борбор Европа өлкөлөрүнүн саммитине катышуудан баш тартты. Жума күнү болсо Евробиримдиктин спорттук мекемесинин жетекчиси Андрулла Вассилиу кийинки айда Украинда өтө турган футбол боюнча Европа чемпионатына бойкот жарыялады.

XS
SM
MD
LG