Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Журналист Мусабекова айыл өкмөт башчылыгына дайындалды


Кыргыз тилдүү “Аят-пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова Бишкектеги Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Ала-Тоо жаңы конуштарын бириктирген аймактык-муниципалдык башкармалыктын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жылдыз Мусабекова өзү билдирди.

Өткөн жылы Бишкек мэриясы бул жаңы кызматка сынак жарыялаган. Сынак 3 тур менен өтүп, анда 20га жакын талапкер ат салышкан. Натыйжада талапкерлер ичинен эң көп упай топтогон Жылдыз Мусабекова 4-майда бул кызматка расмий киришти.

"Ак-Өргө жаңы конушунда 20 жылдан бери жашап, бул жактардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Аларды чечүү үчүн өз программам бар", - деди Мусабекова.

Мусабекованын айтымында, анын мамлекеттик кызматка кетиши “Аят-пресс” гезитине эч таасирин тийгизбейт. Журналист гезит үзгүлтүксүз чыга берерин кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG