Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

11-сентябрдагы теракттар боюнча сот иши башталууда


АКШнын Гуантанамодогу аскердик трибуналында 11-сентябрдагы теракттар боюнча сот иши башталууда. Өзүн ошол жардыруулардын уюштуруучусу деп атаган Халид Шейх Мухаммад жана анын 4 шеригине адам өлтүрүү жана башка кылмыштар үчүн айып тагылат деп күтүлүүдө. Алар өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүн. Теракттар 3 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.

Терроризм үчүн айыпталгандарды кантип соттоо керектиги тууралуу АКШда көпкө чейин талаш-тартыш жүрүп келди. Натыйжада Конгресс аларды АКШнын аймагында жарандык соттордо соттоо мүмкүн эмес деген чечим кабыл алган.

 

XS
SM
MD
LG