Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Барак Обама ички улуттук маселелерге көңүл бурууга үндөдү


АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы 10 жылга созулган согуштан кийин Американын өзүндөгү ички улуттук маселелерге көңүл бурууга үндөдү. Огайо жана Виржиния шаттарында президенттик кампаниясын баштоонун алдында жасаган кайрылуусунда Обама Ооганстанга апта башында жасаган сапарынын жыйынтыктарын айтып берди.

Президент Кабулга ооган лидери Хамид Карзай менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюу жана "ал-Кайиданын" ана башы Усама бин Ладендин өлтүрүлүшүнүн 1 жылдыгын белгилөө үчүн барган. “Биз Талибандын күчүн майтардык, Ооганстандын кубаттуу куралдуу күчтөрүн түптөдүк, "ал-Кайиданын" жетекчилигин жок кылдык”, - деди Обама.

Огайо жана Виржиния ноябрдагы президенттик жарышта кайра шайланууга үмүттөнүп жаткан Обама үчүн маанилүү штаттар болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG