Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 4-5-май күндөрү Ноокат районунун Төө-Моюн - Өсөр - Жаңы-Арча унаа жолунун 29-чакырымында көлөмү 3600м³, Өзгөн районунун Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 21-чакырымында көлөмү 500 миң м³ жер көчкү түшкөн. Көчкү адам өмүрүнө зыян алып келген эмес, бирок жол жабылып калган. Жер көчкүнүн астында 2 даана электр түркүгү калган. Азыркы убакта Карл Маркс, Түз-Бел, Кара-Тарык, Жалпак-Таш айылдарында электр энергиясы жок. Калыбына келтирүү иштерине “Ошэлектро” ишканасынан 4 адам тартылды.(КЕ)