Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Францияда президентти тандап жатышат


Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Акыркы сурамжылоолорго ылайык, социалист Франсуа Олланд азыркы мамлекет башчы Николя Саркозини утаарын көргөзүүдө. 22-апрелде өткөн шайлоонун биринчи турунда Олланд атаандашынан 500 миңдей көп добуш алган. Бирок оңчул президент ошондон бери ажырымды азайтууга жетишти. Аналитиктер элдин катышуусу төмөн болсо, андан Саркози утушу мүмкүн дешет. Ат салышка катышкан калган 8 талапкердин арасынан бешөө Олландга добуш беришээрин билдиришкен. Францияда 46 миллиондой добуш берүүчү бар. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да чыгарылат.

XS
SM
MD
LG