Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Сербияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүүдө


Сербияда президент менен катар парламентти жана жергиликтүү органдарга өкүлдөрдү шайлап жатышат. Президенттикке 12 талапкер ат салышууда. Экинчи айлампага учурдагы лидер, европачыл Борис Таджич менен москвачыл социалист Тома Николич чыгаары күтүлүүдө.

Парламенттеги орундар үчүн күрөштө президенттин “Демократиялык партиясы” Николичтин “Прогрессивдүү партиясына” уттураары болжолдонууда. Ошентсе да аналитиктердин баамында, Европа Биримдигине ыктаган күчтөрдүн 4 жыл мурункудай эле парламентте көпчүлүк мандаттарды алып, өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү жогорураак.

XS
SM
MD
LG