Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Москвада "Миллиондордун маршы" башталууда


Москванын борборунда миңдеген киши оппозиция уюштуруп жаткан “Миллиондордун маршына” чогулушту. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдаганына караганда, азыр адамдар акция өтө турган жерге келип жатат. Уюштуруучулар көчөлөргө 10 миңге чейин кишини алып чыгышаарын айтууда.

3-президенттик мөөнөтүн баштап аткан Владимир Путиндин ант берүү аземин утурлай өткөрүлүп жаткан акцияга шаар бийлиги уруксат берген. Жүрүш Чоң Якиманкадан башталып, Болотная аянтында митинг менен аяктайт.
Путиндин инаугурациясы эртең, 7-майда болот.

XS
SM
MD
LG