Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Францияда шайлоочулардын 72% добуш беришти


Президенттик шайлоо өтүп жаткан Францияда бир саат мурун жарыяланган маалыматка ылайык, шайлоочулардын 72 пайызы өз эркин билдиришти.
Акыркы сурамжылоолорго караганда, социалист Франсуа Олланд азыркы мамлекет башчы Николя Саркозини утаарын көргөзүүдө.

22-апрелде өткөн шайлоонун биринчи турунда Олланд атаандашынан 500 миңдей көп добуш алган. Бирок оңчул президент ошондон бери ажырымды азайтууга жетишти.
Олланд өлкөдө өзгөрүүлөрдү жүргүзөөрүн, жумушсуздукту азайтаарын айтып келди.
Саркози болсо "Күчтүү Франция" деген ураанды жактайт жана иммиграция мыйзамдарын катаалдаштырууну көздөйт.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да чыгарылат. Белгиянын маалымат каражаттары Олландын жеңгенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG