Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:41

Түркия премьер-министри Реджеп Эрдоган сириялык качкындар менен жолукту


Эрдоган жекшемби күнү сириялык качкындардын лагери жайгашкан Килис провинциясына барды. Аргасыз мекенин таштап качкан тургундар менен жолугушууда Сирия оппозициясы жеңишке жетээрине аз гана күн калды деди Эрдоган. Түрк өкмөт башчысынын “Биздин милдет карапайым сириялыктардын көз жашын жана кан төгүүнү токтотуп, элдин мүдөөсүнө жетүү” деп сүйлөгөнү качкындар тарабынан катуу колдоого алынып, “Эрдоганга узак өмүр” деген кыйкырык-сүрөөндөр менен коштолду. Сирияда бийликке нааразылар менен өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн кагылышы уланып келатканына бир жылдан ашты. Эл аралык атайын чабарман Кофи Аннандын тараптарды жараштыруу планы да ишке киргени менен аткарылбай калды. Оппозиция-бийликтин ок атышуусу кечээ жекшембиде Сириянын чыгыш тарабындагы райондорунда да орун алды.

XS
SM
MD
LG