Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Франция: Олланд 51%дан бир аз көбүрөөк добуш менен жеңди


Франциядагы президенттик шайлоонун 2-айлампасында социалист Франсуа Олланд 51%дан бир аз ашыгыраак добушка, азыркы президент Николя Саркози 49%га бир аз жетпеген добушка ээ болду. Ушул тапта Париждеги Бастилия аянтында Олланддын миңдеген жактоочулары жеңишти майрамдап жатышкан чагы. Алар колдоруна желек жана роза гүлүн көтөрүп алышкан. Бул гүл - социалисттердин символу. Франсуа Олланд Тюль шаарында тарапкерлеринин алдына чыгып ага каршы добуш бергендердин тандоосун урматтай турганын айтты. Николя Саркози дагы алгачкы жыйынтыктардан соң элге кайрылып утулганын моюнга алып, Олландга ийгилик каалады. Ал июнда өтчү парламенттик шайлоодо оңчулдардын шайлоо кампаниясын жетектебей турганын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG