Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Москвада оппозиция жактоочулары кармалды


Кечээ Москванын борборунда оппозиция уюштурган “Миллиондор маршына” келгендерди полиция кармап, аларга кылмыш иши козголду. Полициянын маалыматына ылайык оппозициянын 450 жактоочусу кармалды, алардын арасында оппозиция лидерлери Борис Немцов, Алексей Навальный жана Сергей Удальцов да бар. Алексей Навальный “полициянын мыйзамдуу талаптарына моюн толгогон” деген кине менен 15 суткага эркинен ажырытылышы мүмкүн экендигин анын адвокаты билдирүүдө. Дагы бир оппозиция лидери Борис Немцовго сот “массалык иш-чаранын тартибин бузду” деп 1000 рубль айып пул төлөо чечимин чыгарды. Нааразычылык акциясынына катышып жаткан “Орустар” кыймылынын лидери Дмитрий Демушкин полиция менен кагылышта жабыркап ооруканага түштү.

Орус оппозициясы бүгүн өтчү Владимир Путиндин президенттик инаугурациясын утурлай нааразылык акциясын уюштурган болчу. Алар Путинди мыйзамсыз президент деп атап, парламенттик жана президенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG