Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:42

Сербияда президенттик шайлоонун 2-туру өтөт


Сербияда кечээ өткөн парламенттик жана президенттик шайлоонун жыйынтыктары айтыла баштады. Президенттик кызматка ат салышкан 12 талапкердин бирөө да көпчүлүк добушка ээ болбой, азыркы президент Борис Тадич 27 пайыз, ал эми Серб прогрессивдик улуттук партиясынын лидери Томислав Николич 26 пайыз добуш алып шайлоонун экинчи айлампасында күч сынашмай болушту. Сербиянын парламенттик шайлоосунда деле жогорудагы эки саясатчынын партиялары бир аз гана айырмачылык менен алдыга озуп чыгышты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 60%ы катышты.

XS
SM
MD
LG