Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Жыйылда райондук судья пара алды деп шектелүүдө


Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармасына Чүй облусунун тургуну кайрылып, соттун пара өндүрүү аракети тууралуу кабарлаган. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жайыл районунун судьясы мурда ачылган кылмыш ишти токтотуу үчүн 400 доллар сураганы айтылууда. Акчаны алып келбесе эркинен ажырата турганын айтып коркуткан. Бул окуя боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Иликтөө-териштирүү учурунда ортомчу болду делген адвокат кармалып, андан 400 доллар табылган. Ал эми Жайыл райондук сотунун судьясынын жумуш бөлмөсүн тинтүү алында сейфтен ири суммадагы доллар, бир канча паспорт жана жарандардын айдоочу күбөлүктөрү табылган. Учурда иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG