Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Өзгөн: Жер көчкүнүн кесепетинен электр өчтү


Оштун Өзгөн районунда өткөн аптада түшкөн жер көчкүнүн айынан айрым айылдарда бүгүн да электр жарыгы жок турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. 4-майдан 5-майга караган түнү Куршаб – Жалпак-Таш унаа жолунун 21-чакырымында көлөмү 500 миң м³ (узундугу 300 метр, туурасы 150 метр, бийиктиги 10 метр) болгон жер көчкү түшүп, унаа жол жабылып калган. Адамдар жабыркаган эмес. Тиешелүү техника жана кызматтар тартылып, азыр жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Азыркы убакта Карл Маркс, Түз-Бел, Кара-Тарык, Жалпак-Таш айылдарында электр энергиясы жок. (RK)

XS
SM
MD
LG