Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Согуш ардагерлеринин съезди өтөт


Согуш ардагерлеринин республикалык уюму съезд өткөрүп, ага ар бир облустан өкүлдөр катышмай болууда. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда аталган уюмдун өкүлдөрү айтышты. Ардагерлер өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн колунан келген жардамын берүүгө даяр экенин билдиришти.

Жолугушууда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө эмитен даярдык көрүү керек экени айтылды. Ардагерлер "Эскерүү китебин" чыгаруу токтоп калганын айтышты. Президент бул маселе чечилээрин, акча бөлүнөөрүн убада кылды.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2 356 ардагер - Улуу Ата Мекендик Согушка катышкандар, майып болгондор, Ленинград блокадасына катышкандар жана өспүрүм кезинде концлагерге түшкөндөр. Ал эми 7 864 киши - жолдошу согуштан кайтпай калгандар, оорукта иштегендер, орден, медал алгандар жана эмгек армиясына күчтөп жөнөтүлгөндөр. (RK)

XS
SM
MD
LG