Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Таласта катуу шамалдан 20 үй жабыркады


Таластын Манас районунун Покровка айылында катуу шамал 20 үйдүн жана эки мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган райондун акими Эдил Кузебаев билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, катуу шамалдан 200 даана шифер зыянга учурады. Кырсык 3-майда болгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20, айрым учурда 25 метрге чейин жеткени айтылууда. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG