Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Кара-Балтада Беларустун ардактуу консулдугу ачылды


Беларус өкмөтү Кара-Балтада өзүнүн ардактуу консулдугун ачты. Аталган өлкөнүн ардактуу консулу болуп Канатбек Алиев дайындалды. Ал Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча иштейт. Консулга тиешелүү дипломатиялык документти тапшыруу салтанатына Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко, башка өлкөлөрдүн элчилери, дипломаттар жана кыргызстандык белорустар катышканын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстан элинин ассамблеясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Кыргызстанда учурда төрт жүздөй белорус жашайт. Алар көбүнчө Бишкек, Кант, Токмок жана Кара-Балтада отурукташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG