Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 13:28

Азербайжанда оппозиция жыйналыш эркиндигин талап кылды


Оппозициячыл партиялар Бакыда бийликтен баш калаада коомдук жыйын өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылышты. Коомдук палата деп аталган топтун 150 чакты активисти бүгүн шаар мэри Хажибулла Абуталибовдун кеңсесин пикеттеп, анын отставкасын талап кылды. Бир нече активист камакка алынганы кабарланууда. Бийлик шаар борборунда демонстрацияга тыюу салгандыктан, оппозициячыл кыймылдар нааразылык акцияларын Бакынын чет жакаларында өткөрүп келатышат.

XS
SM
MD
LG