Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

ЕБ Путинди өз эли менен конструктивдүү диалог түзүүгө чакырды


Биримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук иштерин тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Мая Кочиянжич Брюсселдеги брифингде минтип сүйлөдү:

- Путин шайланганда белгиленгендей, биз орус президентин Орусиянын жарандары жана жарандык коом менен конструктивдүү диалогго жол ачуучу бардык зарыл реформаларды ишке ашырууга чакырабыз.

Өкүл демонстранттардын камалышына өкүнүү билдирүү менен, эки тарапты тең сабырдуулукка чакырды.
Премьерликтен кетип жаткан Владимир Путин бүгүн Маскөөдө үчүнчү жолу президенттик антын берди. 2000ч- жылдан 2008ге чейин мамлекет башчысы болгон Путиндин инаугурациясына 3 миңдей конок катышты. Путин ошондой эле президенттиктен кетип жаткан Дмитрий Медведевди өкмөт башчылыгына бекитти.

Маскөөдө Путинге каршы кечээтен берки уруксатсыз нааразылык акцияларында полиция 500дөн ашык демонстрантты камакка алды.

XS
SM
MD
LG