Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Хамид Карзай АКШга “сөөмөй кезеди”


Ооганстандын президенти Хамид Карзай аймактагы чет элдик аскерлер карапайым оогандыктарды набыт кылган учурлар улана берсе, анда жакында эле АКШ президенти Барак Обама менен түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк келишимин жокко чыгараарын ачыктады. Мындай оюн Карзай НАТОнун Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы генерал Жон Аллен жана Американын Ооганстандагы элчиси менен кездешүүдө билдирди. “Оогандыктар жашоосун дале кооптуу сезсе анда аталган документтин күчүн токтотобуз”,- деди ооган лидери. Генерал Аллен мырза буга чейинки чет элдик жоокерлердин огунан каза тапкан учурлар дыкат иликтенээрин айтты.

Ооган президенттин кеңсесинин маалыматы боюнча 5-майдан бери эле НАТО аскерлеринин авиачабуулунан бери дегенде он жайкын тургун набыт болду.

XS
SM
MD
LG