Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:49

ТИМ: Кырсыкка кабылгандар Жалал-Абаддан Орусияга жөнөп бараткан


Казакстандын Караганда шаарында кырсыкка кабылган кичи автобустагылар Жалал-Абаддан чыгып Орусияга жөнөп бараткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Алматы - Екатеринбург каттамы боюнча Орусияга жөнөп бараткан кичи автобус ушул түнү Карагандага келгенде КамАЗ менен сүзүшүп кетип, ичиндегилери жабыркаганы айтылууда. Бирок каза болгондор жана жараат алгандар боюнча азырынча так маалымат жок.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусун кошкондо 16 адам мерт кеткенин, КамАЗдын айдоочусу менен бир жүргүнчүсү ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза тапкан кыргызстандыктардын саны 16, ал эми дагы эки кыргызстандык ооруканада экенин айтууда. Министрликтин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыкка кыргызстандыктарды ташып бараткан унаанын айдоочусу уктап кеткени себеп болгон.

Ал эми Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырсыкта мерт кеткендердин жалпы саны 14 киши экенин, дагы экөө Балхаштагы ооруканага жеткирилгенин билдирүүдө. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG