Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Чек ара кызматы: Мыйзам бузуу кыргыз-өзбек чек арасында көп


Кыргызстандын Чек ара кызматы быйыл биринчи кварталда каттаган мыйзам бузуу фактыларынын көбү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында болгон. Бул тууралуу аталган мекемеден "Азаттыкка" кабарлашты.

Соңку төрт айда токсондон ашуун факт катталган. Анын көпчүлүгү кыргыз-өзбек чек арасында болгон. Күн жылыганда чек ара аркылуу аткезчилик кылган, чек ара тилкесинде жер, суу талаш сыяктуу көрүнүштөр күчөйт. Мыйзам бузууга кыргызстандыктар да, коңшу республиканын жарандары да барышат.

Биринчи кварталда аткезчилик боюнча 21 факт катталып, алты миллион сомдук товар кармалды. 66 килограмм маңзаттын өтүшүнө бөгөт коюлду. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG