Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Июн окуясы боюнча кылмышка шектүүлөр Орусиядан алынып келет


Июн окуясы боюнча кылмышка шектүү 28 кишини кыргыз милициясы Орусиядан кармап келмей болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, 28дин бешөө Орусиянын жараны.

Кыргызстандын баш прокуратурасы Орусиянын Баш прокуратурасына кайрылып, кыргыз милиционерлеринин Орусияга барып кылмышка шектүү делгендерди кармап, Кыргызстанга алып кетүүсүнө уруксат сурады. Тиешелүү ыкчам топ түзүлүп, даяр турат. Орусия тараптан уруксат келээр замат алар жөнөп кетет.

Курсан Асановдун айтымында, июн коогасынан бери ошол окуяга тиешеси бар деп шектелген 17 киши Орусиядан кармалган. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG