Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Согушта жоголгон кыргызстандык аскер жерге берилди


Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокер Михаил Давыдовдун сөөгү быйыл 6-майда Ысык-Ата районунда жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинен кабарлашты. 1907-жылы Ново-Покровка айылында туулган Михаил Давыдов 1941-жылы согушка аттанган. Бир жылдан кийин дайынсыз жоголгон. Ошондон бери анын туугандары, балдары үмүт үзбөй, издеп келишкен. Давыдовдун сөөгү былтыр Орусиянын Твер облусунда табылган. Согуштан кайтпай калган кыргызстандыктардын саны беш миңдей киши экени расмий булактарда айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG