Жогорку Кеңеште Кытай өкмөтүнүн акчасына Бишкектеги эки унаа жолду оңдоо боюнча макулдашууну ратификациялоочу мыйзам долбоор талкууланды. Эгер бул макулдашуу күчүнө кирсе Бишкектеги негизги көчөлөрдүн бири деп эсептелген Бөкөмбаев көчөсүнүн 1480 метри жана Толстой көчөсүнүн 1650 метри оңдолот. Бул үчүн 296 миллион сомду кытай тарап бекер бергени жатат. (RK)