Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Бишкекте Ленинград блокадачыларына эстелик орнотулду


Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадачыларына арналган эстелик орнотулду. Анын ачылышына мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, ардагерлер жана Орусия өкүлдөрү катышты.

Мемориалдык комплекс Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана 1942-жылы Кыргызстанга блокададан эвакуацияланган балдарды багып чоңойткон кыргызстандыктарга арналат.

Ленинград 1941-жылдын сентябр айынан тартып фронт-шаарга айланган. Гитлердик аскерлерге аны жер менен жексен кылуу буйругу берилген. Бирок шаар аман калган.

1942-жылдын декабрынын соңуна дейре советтик Кыргызстанга дээрлик 140 миңден ашуун адам эвакуацияланган, анын ичинде курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала бар болчу.

Ошол учурда фронтко Кыргызстандан 22 бригада каттаган, алар курчоодо калган Ленинградка, Кронштаддын моряктарына чейин барышкан. Эки жумага жетпеген убакыттын аралыгында ун, эт, күрүч, жашылча, жаңгак, кант жана таттуу азыктардан 48 вагон жардам чогултулуп, фронтко жөнөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG