Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Түркияда күрддөрдүн беш согушкери жок кылынды


Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, алар бүгүн өлкөнүн түштүк-чыгышында коопсуздук күчтөрү менен кагылышуу учурунда жок кылынды.

“Анадолу” кабар агенттигинин маалыматына караганда, жок кылынган согушкерлердин үчөө эркек, экөө аял. Мунун алдында кечээги кагылышта да эки күрд согушкеринин өмүрү кыйылган.

Эксперттердин айтымында, адатта түрк аскерлери менен күрд согушкерлери ортосундагы уруш жазында, Ирак – Түркия чек арасындагы тоолордо кар эригенде күчөйт.

Түркия жана АКШ террорчул уюм катары санаган Күрд жумушчу партиясынын Анкарага каршы 1984-жылдан берки куралдуу көтөрүлүшүнөн Түркиянын түштүк-чыгышында 45 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG