Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Бишкек – Исфана аба каттамы калыбына келет


Бишкек – Исфана – Бишкек аба каттамы 9-майда кайрадан ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жусубали Исаев билдирди.

Аталган багыт боюнча аба каттам өкмөттүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Кыргыз Республикасында катталган АН-24 самолетторуна жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу жөнүндө» токтомуна ылайык токтотулган.

Эми жумасына бир жолу Avia Traffic авиакомпаниясынын учактары Исфанага каттап турат. Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Исфана шаарында 28 миңден ашуун адам жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG