Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:18

Жол кырсыгында мерт кеткендер арасында төрт айлык ымыркай бар


Казакстандын Караганда шаарында жол кырсыгына кабылып мерт кеткендердин арасында быйыл январ айында төрөлгөн ымыркай Миркамил кызы Зилола да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Ошондой эле төрт жашар Халикбаев Зиярбек да мерт кеткендердин арасында. Каза тапкан 16 адамдын баары Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Чарбак айылынын тургундары болчу. Алардын экөө - Тиркеш Күрүчбеков менен Расул Күрүчбеков айдоочу болчу.

Жаны аман калган дагы эки адам - 1995-жылы туулган Феруза Хурбай кызы жана 1994-жылкы Мухидин Ырыс уулу оор жараат алып учурда ооруканада жатат.

Ушул түнү, саат бир менен экинин ортосунда Казакстандын аймагында ири жол кырсыгы катталып, 16 кыргызстандык мерт кетти. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиевдин "Азаттыкка" айтымында, Караганда шаарында Алматы - Астана унаа жолунун 747-чакырымында Кыргызстандан бараткан кичи автобус кырсыкка учурады.

"Биздин маалымат боюнча, алар Орусияны көздөй кетип баратышыптыр", - дейт элчи.

Айрым маалыматтар боюнча, кыргызстандыктарды ташып бараткан кичи автобус КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Кырсыкка кичи автобустун айдоочусу уктап кеткени себеп болду деген алдын ала маалымат бар. КамАЗдын айдоочусу жана анын бир жүргүнчүсү ооруканада деп айтылууда.

Казак жол коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, кырсыкка учураган кичи автобустун айдоочусу ага чейин ашыкча жүк ташып баратканы үчүн эскертүү алган. (RK)

XS
SM
MD
LG