Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Москвада Ксения Собчак менен Алексей Навальныйды полиция кармап кетти


7-май күнү кечинде Москва полициясы президент Владимир Путинге каршы чыккан 200дөй оппозиция тарапкерлери менен кошо теле алып баруучу Ксения Собчакты жана оппозиционер, блогчу Алексей Навальныйды кармады. Кечээ кечинде оппозиция жактоочулары бир канча жерде акцияларды уюштуруп, бирок алар кайсы жерге чогулбасын полиция ошол жерге жетип барып таратып жатты. Соңку күндөрү Москва полициясы каардуу мүнөзгө өтүп, бийликке каршы чыккандарды эмне себеп менен кармап жатканын түшүндүрбөстөн камоого алууда.

Акцияга чыккандарга жолугуу үчүн келген “Акыйкат Орусия” фракциясынын депутаты Дмитрий Гудковдун өзүн кошо полиция кармаганы айтылды. Сот оппозиционерлердин көбүн полицияга баш берген эмес деп кине койууда, оппозиция болсо орус бийлиги өз элине “чектен чыгып, элдин кыжырына тийүүдө” деп нааразы болушууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда тынч жыйылган адамдардын кармалышына тынчсыздануусун билдирип, орус бийлигин сөз эркиндигине жана тынч жыйылуу укугуна тыюу салбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG