Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Юлия Тимошенко Украинада эле дарыланмай болду


7-жылдык мөөнөт менен абакка кесилген Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко "Укрзализныци" ооруканасында дарыланууга макул, бирок бир шарт менен: ал үчүн Тимошенкону жергиликтүү дарыгерлер эмес, буга чейин оорусун аныктап, чукул мөөнөттө дарылануу кеңешин айткан “Шарите” деп аталган немис клиникасынын доктуру Лутц Хармс гана дарылашы керек. Бул тууралуу Тимошкенконун кызы Евгения билдирди. "Немис доктуру Тимошенкону текшергенде тез арада дарыланбаса, бул оорунун арты майып кылышы мүмкүн экендигин айткан, ал эми украин доктурлары баары жакшы деген тыянак чыгарышкан" дейт экс премьердин кызы.

Ялта шарында өтчү 11-12-майга белгиленген Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити Тимошенконун абалына тынчсызданган бир катар өлкөлөр катышпай турганын айткандан кийин кечээ Украинанын Тышкы иштер министрлиги жыйын белгисиз мөөнөткө жылганын жарыя кылган. Буга чейин Евробиримдиктин бир катар башчылары Украинада өтчү футбол боюнча Европа чемпионатына да Тимошенконун ишине байланыштуу бойкот жарыялашкан эле.

XS
SM
MD
LG