Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Николя Саркози эми адвокат болуп иштеши мүмкүн


Франциянын президенти Николя Саркози 15-майда кызматын жаңы шайланган президент Франсуа Олландга өткөрүп бергенден кийин мурдагы жумушуна кайтып, адвокат болуп иштеши мүмкүн. Бул тууралуу Саркозинин шайлоо кампаниясында басма сөз кызматын жетектеген досу жана кеңешчиси Франк Луврие Parisien басылмасына курган маегинде айтты. «Ал өзү юрист, ошон үчүн өзүнүн юридикалык фирмасына барат, Саркози «нормалдуу» жашоого кайткысы келет»,-деди Луврие. Николя Саркози өзү президенттиктен утулгандан кийин сөз сүйлөп жатып "катардагы француз болом" деп айткан эле.

XS
SM
MD
LG