Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Кыргызстан Жеңиш күнүн белгилөөдө


Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналган салтанат өтөт. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө башчылары, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышмакчы. Салтанаттын башында согушта курман болгондор эскерилет, президент куттуктоо сөзүн айтат. 9-май майрамына карата бул жолу борбордук Ала-Тоо аянтында парад болбой турганы мурдараак кабарланган. Мындан сырткары жер-жерлерде Жеңиш күнүнүн урматына иш-чаралар өткөрүлөт. Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, күч структуралардын жана ар кайсы мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда парад өтөт. Ошондой эле бир катар спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2343 согуштун, 8 миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG