Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Кыргызстанда жаңы партия түзүлдү


Адилет министрлигинин каттоосунан “Демократиялык Альянс” деген жаңы саясий партия каттоодон өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” партияны түзүүчүлөрдүн бири, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков кабарлады.

“Демократиялык Альянстын” негизги багыты - демократиялык мамлекет куруу жана анын принциптери менен элементтерин коргоо болуп эсептелет. Партиянын өзү үч фракциядан турат. Алар: консерватор-демократтар, социал-демократтар жана либераk-демократтар. Азырынча ага кимдер мүчө болуп киргени тууралуу маалымат жок.

Расмий ачылыш аземи май айынын соңуна, ал эми чоң курултай күз айларына пландалууда.

“Демократиялык Альянс” - Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 160-партия болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG