Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Португалияда кризиске байланыштуу майрамдар белгиленбейт


Португалиянын бийлиги экономикалык каатчылыктан улам жыл сайын белгиленчү он төрт майрамдын төртөөсүн алдыдагы беш жыл ичи белгилебей турган болду. 2013-жылдан тарта бул өлкөдө эки диний жана эки светтик майрам күндөрү жарандар эс албай эле иш күнү катары өткөрүшөт. Бийликтер мунун баарын Ватикандар, католиктер менен кеңешип туруп жасашканын билдирүүдө. Буга чейин өкмөт бюджеттик кызматкерлердин айлыгын кыскартып, салыкты көбөйткөн болчу. Бийлик майрам күндөрүн азайтып, иш күндөрүн көбөйтүү да экономикалык өсүшкө өбөлгө болот деп ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG