Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Жол кырсыгында мерт кеткендердин сөөгүн алып келүүгө унаа жөнөтүлдү


Казакстандын Карагандасында жол кырсыгында мерт кеткен кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен КамАЗ унаасы жөнөтүлдү.Ал кечээ кечки тогузда жолго чыкты, бүгүн кечке жуук Карагандага барып калышы керек.

Соңку алдын ала маалымат боюнча, 7-майдан 8ине караган түнү кырсыкка кабылган кичи автобустун жүргүнчүлөрү Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан чыгып Орусияны көздөй бараткан. Мерт кеткендердин 15и кыргызстандыктар, бирөө Орусиянын жараны экени айтылууда. Дагы эки кыргызстандык өтө оор абалда ооруканада жатат. Мерт кеткендердин арасында төрт айлык кыз жана анын энеси да бар.

Окуяны казак милициясы иликтеп жатат. Кыргызстандыктарды ташып бараткан кичи автобус жол эрежесин бузуп, алды жакта келаткан КамАЗдын маңдайынан чыга калып, сүзүп алганы айтылууда. Кичи автобустун айдоочусу ашыкча жүк ташып баратканы үчүн ага чейин жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан токтотулуп, айыппул төлөгөнү тууралуу да кабар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG