Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Бишкекте жаш таланттар фестивалы жыйынтыкталууда


Бишкекте жаш аткаруучулардын ARS POLONIA эл аралык фестивал-сынагы жыйынтыкталууда. Аны Польша өкмөтүнүн жардамы менен Кыргыз улуттук консерваториясы уюштурган. Экс-президент Роза Отунбаеванын коомдук фонду да өз жардамын берди. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу салтанаты жана гала-концерт бүгүн кечинде өтөт.

7-17 жаштагы музыкачылар Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, АКШдан жана Түштүк Кореядан катышууда. Кыргыз жана польшалык композиторлордун чыгармаларын аткаруу бул сынактын негизги талаптарынын бири болуп эсептелет.

Сынактын директору Зенона Слензак-Бегалиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мындай иш-чара алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Максаты - жаш, айрыкча жакыр үй-бүлөдө жашаган таланттарды алып чыгуу, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашуу жана музыкалык маданиятты өнүктүрүү. (RK)

XS
SM
MD
LG