Ошто Жеңиш күнүнө арналып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусунда майрамдык парад өттү. Түбөлүк отко гүл коюлуп, театрлаштырылган иш-чара уюштурулду. Жоокерлер боткосу таратылды. Улуу Жеңиштин 67 жылдыгы менен шаарда калган 63 ардагерди облус жана шаар жетекчилиги куттуктады. (ErN/RK)