Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Жөө күлүктөр жарышка чыкты


Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналып бүгүн Бишкектин четиндеги Ботаника багында жеңил атлетика боюнча жарыш өттү. Ага ардагерлер жана спорт сүйүүчүлөр, жалпысынан үч жүздөй киши катышты. Жөө күлүктөр мелдешин Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы шаар бийлиги менен биргеликте уюштурду. 500 метрден 10 чакырым аралыкта таймашкан жөө күлүктөрдүн жаш курагына жараша байгелер тапшырылды. Мындай иш-чара жыл сайын өтүп турат. Быйылкысы Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын 100 жылдыгына да арналды. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG